ЖЕКЕЛЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жеке-жеке болуу, өзүнчө болуу, өзү жалгыз чыгуу, жалгыз аракет кылуу, жеке бөлүп коюу. Сейтек ок өтпөс тонду кийинип, Жекелеп элден бөлүнүп («Сейтек»). Жекелеп жоого кирбесем! («Семетей»). Тууган койду жылуулап, Жаткырып койдук жекелеп (Осмонкул). 2. Жалгыз кишиге эки же андан көп киши каршы чыгып, көптөп кетүү, жалгыздап, жалгызсынтып кетүү. Экөө жекелеп кетти.